Билдирүүгө ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов катышты.
Улукбек Марипов белгилегендей, социалдык объектилердин курулушу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.
"Мектеп – бул өлкөнүн келечегинин символу болуп саналат, себеби инсандын калыптанышы мектептеги курагына туш келет, жалпы билим берүү мекемеси ар бир окуучу үчүн экинчи үйү катары саналат. Келечек муундун кандай болуп калыптанары бизден көз каранды. Балдардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттарды түзүүбүз зарыл. Жаңы мектеп жаш муундун келечеги үчүн мыкты негиз болуп, республиканын өнүгүүсүнө өз салымын кошо турган мыкты коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин ордосу болот деп ишенем", - деди Улукбек Марипов.
480 окуучулук орунга эсептелген 3 кабаттуу мектеп Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Октябрь районунда 1,3 гектар аянтта жайгашкан.