Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы ардактуу консулу Мустафа Курт каза болду
Түркиянын Кайсери шаарындагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу Мустафа Курт 57 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Анын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жакындарына Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинен көңүл айтышты.
"Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кайсери шаарындагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу Мустафа Курт мырзанын мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Мустафа Курт 2014-жылы ардактуу консул болуп дайындалган жана ошол мезгилден бери эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын өнүгүүсүнө, Кыргыз өлкөсүнүн Түркияда татыктуу аброюн жайылтууга, эки мамлекеттин ортосунда бир туугандыкты ар тараптан бекемдөөгө олуттуу салым кошуп келген. Ал Түркияда жайгашкан Кыргыз жарандарына жакындан колдоо жана жардам көрсөтүп, министрлик тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларга жигердүү катышып келген", - деп жазылган билдирүүдө.

