Байге фонду 100 миң сом. Борбордо "Таттыбүбү кыргыз поэзиясында" аттуу сынак өтөт
Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын өчпөс элесине арналган "Таттыбүбү кыргыз поэзиясында" аттуу сынак өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2021-жылдын 30-май күнү саат 14:00дө Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүл багында концерттик программа менен коштолуп, Таттыбүбү темасындагы ырлар жаңырат.
*16 жаштан 37 жашка чейинки курактагы акындар катыша алышат;
Сынактын байге фонду 100 миң сом.
Белгилей кетсек, сынак Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы республикалык фонду, Нурканбек Турсунбаев атындагы Эл аралык коомдук кайрымдуулук фонду жана Кыргыз Республикасынын эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясы менен биргеликте уюштурулууда.

