super.kg logo

Жалал-Абадда түнкү рейд учурунда өз алдынча жүргөн 16 өспүрүм аныкталды

 

Жалал-Абадда "Түнкү өспүрүм" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, акыркы коңгуроого байланыштуу өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоого багытталган рейдге мэрия кызматкерлери жана социалдык педагогдор катышты.

"Жалал-Абад шаарында максатсыз жана ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 16 өспүрүм аныкталып, жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине тапшырылды. Ошондой эле шаар аймагындагы ар кандай терс көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында шаардык билим берүү бөлүмүнүн, экотехинспекциянын кызматкерлери менен биргеликте сейил бактарда профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Эс алуу жайларындагы аттракциондорго түшүүдө жарандарга этият болуу зарылдыгы эскертилди.

Ал эми Ала-Бука РИИБинин кызматкерлери мектеп окуучуларын акыркы коңгуроого байланыштуу кабыл алынган чектөөлөрдү туура кабыл алуу менен эрежелерди сактоого чакырышты. Жаратылыш койнунда эс алууга чыгууга да тыюу салынгандыгын эскертишти", - деп жазылат Жалал-Абад ОИИБинин маалыматында.

Белгилей кетүүчү жагдай, облустук милиция тарабынан акыркы коңгуроого тиешелүү жумуштарды жүргүзүү үчүн 700гө чукул кызматкер бөлүнүп, атайын мобилдик кайгуул маршруттары түзүлгөн.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: