Москвада өткөн "Башталгыч Фермер" сынагында Кыргыз өлкөсүнүн командалары байгелүү орундарга ээ болушту









Орусиянын Москва шаарында болуп өткөн "Башталгыч Фермер" эл аралык бизнес сынагында Кыргыз өлкөсүнүн үч командасы байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Бириккен жаштар уюмунун төрагасы Аскар Шайкидинов билдирди.
Анын айтымына караганда, долбоорлорду жактоо төрт категорияда өттү: мектеп командалары, колледждер менен ЖОЖдордун командалары, жаш адистерден жана ишкерлерден түзүлгөн командалар.
Кыргыз өлкөсүнүн намысын коргоого катышкан үч команда тең байгелүү орундарга ээ болушту. Алар:
* "Керем эт Балыкчы шаарындагы касапкана жана эт комбинатынын курулушу" долбоорун жакташкан Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин курама командасы эл аралык жана аймактык деңгээлде тажрыйба алууга жолдомо утуп жана башка баалуу сыйлыктарды алышты;
* "Bio-Spe" сөөлжандардын жардамы менен органикалык калдыктарды утилдештирүү" долбоорун жакташкан К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин командасы "мыкты долбоор" деген дипломдорго жана баалуу сыйлыктарга ээ болду;
* "Аграриус картошканын үрөнүн залалсыз жол менен өндүрүү" долбоорун жакташып К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин командасы дипломдорго жана баалуу сыйлыктарга ээ болду, ал эми команданын капитаны "AgroXperia" компаниясы тарабынан атайын белек утуп алып, акысыз Германиядан тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Эске салсак, бизнес оюн улуттук деңгээлде Кыргыз өлкөсүнүн Бириккен жаштар уюму тарабынан уюштурулган. Ал эми финалдык этап Орусия Федерациясынын Айылдык жаштар биримдиги тарабынан сегизинчи жыл катары менен өткөрүлүп, былтыр биринчи жолу эл аралык деңгээлге чыккан. Ага Беларусь, Кыргыз өлкөсү, Армения, Казакстан, Германия, Азербайжан жана Орусиядан жаштар катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
9:48
2025-07-28

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
mirlanpiter

25.05.2021. 03:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң жакшы жанылык,алга Кыргызстан жана ушул жаштарыбызга ийгилик каалайм!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.