super.kg logo

Улукбек Марипов Гүлчө дарыясындагы дамбаны жаңылоо процессин тездетүүнү тапшырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылындагы Гүлчө дарыясындагы дамбанын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Совет мезгилинде курулган узундугу 3650 метрлик дамбанын 1224 метри гана жаңыланган. Суунун деңгээли көтөрүлгөн учурда дамбанын оңдолбогон тилкелери жергиликтүү тургундар үчүн кооптуу болушу мүмкүн.

Министрлер кабинетинин башчысы абал менен таанышкан соң дамбаны жаңылоо процессин тездетүүнү тапшырды.

Андан соң Улукбек Марипов Гүлчө айылына барып, жалпы аянты 1520 чарчы метрди түзгөн имараттын абалы менен таанышты, аны Калкты тейлөө борборуна кайрадан жабдуу пландаштырылууда.

"Бул жерде тейлөө борборун куруу идеясы кубандырат, бүгүнкү күндө калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багыт алуудабыз. Имараттын аянты көлөмдүү, андыктан анын бир бөлүгүн башка мамлекеттик органдардын муктаждыгы үчүн бөлүү сунушун колдоого алам", - деп белгиледи ал.

Ошондой эле Улукбек Марипов Ош шаарындагы дренаждык насостун курулушунун жаңы долбоору менен таанышты.

Белгилей кетсек, мында мурда Ош шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор эки ирет ишке ашырылган. Бирок учурда алар тийиштүү жыйынтык берген жок. Бүгүнкү күндө эски дренаждык насостон 2,4 километр жогору жайгашкан жаңы дренаждык насостун курулушунун жаңы долбоору иштелип чыккан, ал Ош шаарынын тургундарына аба ырайы өзгөрүүсүнөн көз карандысыз түрдө ичүүчү таза сууну берүүгө мүмкүндүк берет.

Министрлер кабинетинин төрагасы долбоорду тез арада макулдашууга киргизип, курулуш иштерин баштоону тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.05.2021. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дамбанын кереги деле жок,мурункудай суу жок азр Алайда.
Muslim_KGstana. түзөттү 2021-05-25 11:13:19
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: