super.kg logo

Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз мамлекети менен Венгриянын ортосундагы кош салык салууну болтурбоо боюнча келишим каралды

 

Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз мамлекети менен Венгриянын ортосундагы кош салык салууну болтурбоо боюнча келишим каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети өлкөнүн салык саясатын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан "2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды.

Баяндамачы экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиевдин айтымында, эки тараптуу келишимге ылайык, киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу чаралары өлкө салыгын башкаруу амалдарын кыйла жеӊилдетүүгө өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, мындай эки тараптуу салыктык келишимдер дүйнөнүн элүүдөн ашык мамлекеттери менен түзүлгөн. Эл аралык тажрыйбада кеӊири тараган мындай келишимдер эки тарапка теӊ ыӊгайлуу жана пайдалуу болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: