Баасы 28 миллиондон ашык. Бишкекте мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
Бишкек шаарындагы мыйзамсыз берилип кеткен 28 миллион сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Ленин районунда жүргүзүлгөн прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен баасы 28 миллион 273 миң 693 сомду түзгөн жер тилкелери мэрияга кайтарылды.
"Анда Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жылдын 16-мартында жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен “кызыл” сызык чегинен тышкары жайгашкан, Арча-Бешик конушундагы 5 жер тилкесин турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берип жиберишкен.
Прокуратура көрсөтүлгөн жерлерге мыйзамсыз берилген документтерди жокко чыгаруу жөнүндөгү прокурордук акты менен сот органдарына кайрылган. Кароонун жыйынтыгында доо арыздар толук канааттандырылып, жер тилкелери мамлекеттин менчигине алынды", - деп жазылат маалыматта.

