Бейөкмөт уюмдар Балдар кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынышын тездетүүсүн талап кылышты

Бүгүн, 25-май балдардын укугун коргоо боюнча бир катар бейөкмөт уюмдар маалымат жыйын берүүдө. Анда балдар кодексинин жаңы редакциясын кабыл алууну кечеңдетүү балдардын абалын, өлкөнүн социалдык көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келери айтылды. Бул боюнча маалымат жыйында “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фонддун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.
Жогорку Кеңештин регламентине ылайык Балдар кодексинин жаңы редакциясы менен биргеликте тиешелүү 17 мыйзамга түзөтүүлөр киргизилген мыйзамдар топтому 2020-жылы - балдарды колдоо жылында каралуусу керек болчу. Бирок эки жыл аралыгында көптөгөн мыйзам долбоорлору демилгеленип, кабыл алынып, ал эми балдарга көңүл бурулбай калган.
Ошол себептүү бир катар бейөкмөт уюмдар президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана башкы прокурорго ачык кайрылуу жолдошту.

