super.kg logo

"Бишкек жашыл чарба" ишканасы: "ИИМдин алдында кыйылып жаткан бактар катуу шамал болсо кулап калмак"

 

Ички иштер министрлигинин алдында кыйылып жаткан бактар катуу шамал болсо кулап калышы мүмкүн болчу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-май күнү Ички иштер министрлигинин алдынан дагы 2-3 бак кыйылды.

"ИИМдин имараты реконструкция болгонуна байланыштуу 12-майда 3 бак кыйылган. Бактарды кыюуга уруксат түрүндө акты берилген. Мындан сырткары, бүгүн, 25-майда 2-3 бак кыйылды. Ал теректердин ичи кургап көңдөй болуп калган, катуу шамал болсо түшүп калчудай абалда. Имараттын жанында жол бар, унааларга кулап түшүшү дагы мүмкүн эле. Видеодон дагы көрсөңүздөр болот.

Биринчи кыйылган бактар боюнча ИИМден кепилдик түрүндө кат бар, анда реконструкция бүтөрү менен ордуна башка бактар отургузулары айтылат", - деп билдиришти аталган муниципалдык ишканадан.

Буга чейин реконструкция иштерине байланыштуу ИИМдин алдында бактардын кыйылышы шаар тургундарынын нааразычылыгын жараткан. Алар "ушинтип бактарды кыйып жатсак, кантип таза аба жөнүндө сөз кылабыз" деген өңдүү пикирлерин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: