Орусиялык аткаминер мигранттардын ордуна абактагыларды иштетүүнү сунуштады
Орусиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын директору Александр Калашников учурда мигранттар тартылып жаткан тармактарга абактагы жарандарды иштетүүнү сунуштады. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, Калашников абак жазасын атайын жумуштарга алмаштырууга укугу бар 188 миң жаран бар экенин билдирген.
"Жакында эле президент Владимир Путин айрым Азия өлкөлөрүнүн президенттери менен жолугуп, жумушчу күч жетишпей жаткан биздин объектилерге мигранттарды тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Биз алардын ордуна абактагы жарандарды тартууну сунуш кылабыз. Бул үчүн жатаканаларды куруп, жумуш орундарын түзүү керек. Уюштуруу иштерин моюнубузга алууга даярбыз", - деп билдирген Калашников.
Калашниковдун пикирин юстиция министри Константин Чуйченко дагы колдоого алган.
"Мындай кадам экономикалык жактан да маанилүү болмок. Биз бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жакынкы арада кайра тарбиялоочу борборлордун санын көбөйтүү пландарыбыз бар", - деди Чуйченко.



1 |