Бишкек +35... Эртең өлкөдө кандай аба ырайы күтүлөт?
Эртең, 26-майда өлкө аймагында күн ачык болот. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30...+35,
Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +28...+33,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +30...+35,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +24…+29,
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +17…+19, күндүзгү жогорку температурасы +33…+35 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
9:48
2025-07-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.