super.kg logo

Улукбек Марипов окуучуларды акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктап, кеңешин айтты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов окуучуларды окуу жылынын аякташы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул күн – мектеп окуучулары үчүн окуу жылынын аякташын, ал эми бүтүрүүчүлөр үчүн мектеп менен коштошуу жана жашоодогу жаңы баскычка кадам таштаган эсте каларлык маанилүү учур.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу окуу процесси бир катар кыйынчылыктарга кездешти.

Мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелер үчүн да жөнөкөй болгон жок. Биз аралыктан окутуунун татаалдыгын сездик.

Андыктан биринчи кезекте мугалимдерге пандемия шартындагы берилип иштеген эмгеги, ошондой эле окуучуларга жана ата-энелерге чыдамдуулугу жана колдоо көрсөтүүсү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.

Ушул кубанычтуу күнү жалпыңыздарга чоң жашоо агымына аралашууда ак жол каалап кетким келет! Учурдагы көп кырдуу дүйнөдө силер үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр ачык! Сөзсүз түрдө кыялыңардагы кесиптин ээси болуп, келечекте жалпыга кызмат кылчу жаңы билим-илимге ээ болуңуздар. Өзүңүздөргө терең ишенип, бийик максаттарга умтулуңуздар", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: