super.kg logo

Борбор калаада быйыл жети миңге чукул бүтүрүүчү мектепти аяктады

 

Бүгүн, 25-майда борбор калаанын 97 жалпы билим берүү мектептеринде 6 миң 980 бүтүрүүчүсүнө арналган жыйынтыктоочу класстык-сабак болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.

Ошондой эле калаа башчысы мугалимдерди окуу жылынын аякташы менен куттуктап, алардын жан аябас эмгегин жана жаш муундарды тарбиялоодо жана окутууда баа жеткис салымын белгиледи.

"Быйыл Бишкек шаарында 6 миң 980 бүтүрүүчү, анын ичинен 185 окуучу артыкчылык менен аяктап жатат, ал эми 9-классты 13 миң 431 окуучу аяктап, анын ичинен 377си артыкчылык күбөлүккө ээ болушат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: