"Аккордеон тартып, ыр менен саламдашат". 31 жылдан бери окуучуларын музыкага шыктандырып, өзгөчө методдо сабак өткөн мугалим менен маек
Эсиңиздерде болсо, SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Балдарды музыкага кызыктырган айылдык музыкант" аттуу видео жүктөлгөн.
Видеодон музыка сабагынан окуткан мугалим сабак баштаардын алдында аккордеондун коштоосунда окуучулар менен ыр түрүндө саламдашып жатканын көрүүгө болот. Мугалимдин мындай иш-аракети көпчүлүктүн купулуна толгон.
SUPER.KG порталы аталган видеодогу музыка мугалими Гүласал Эркинова менен маек курду. Ал балдарды музыкага шыктандырып, өзгөчө методдо өтүп жаткан сабагы тууралуу айтып берди.
- Канча жылдан бери музыка мугалими болуп эмгектенип келесиз?
- Мектепте музыка мугалими болуп иштеп келе жатканыма 31 жылдын жүзү болду. 1989-жылы Ош гуманитардык-педагогикалык колледжин бүтүп келип, алгач Баткен районундагы Бөжөй деген айылдагы мектепте бир жыл иштедим. Андан соң Базар-Башы айылындагы Сыдык Айтматов атындагы орто мектебине келгем, ошондон бери жалпысынан 30 жылдан бери дал ушул мектепте эмгектенип келе жатам.
- Аккордеонду качан, кимден үйрөндүңүз эле?
- Негизи мен тарткан аспаптын аталышы баян. Колледжде 4 жыл окудум, ошол учурда мугалимдер бизди аспаптар боюнча аккордеон, баянга бөлгөндө баянга туш келгем. Ошондон бери эле бул аспапты тартып келем.
- Видеодо өзгөчө сабак өтүү методуңузга күбө болдук. Ар дайым сабакты музыканын коштоосунда ыр аркылуу саламдашып өтөсүзбү?
- Сөзсүз, бул салтка айланып калган да. Биринчи баянымды көтөрүп келгенде эле окуучуларым даяр болуп туруп калышат. Ырдабай калган күндөрдө окуучулар "эжеке, ырдабайлыбы?" деп капа болуп калышат (күлүп). Саламдашып анан сабакты баштайбыз. Ар бир сабакта жаттап алган ырларды кайталап турабыз. Ошондо чейректик концертибиз даяр болуп калат.
- Окуучуларга саламдашуу ырларын өзүңүз жазып бересизби?
- Ооба, өзүм жазгам. Аны бир ырдын обонуна салып алганбыз. Окуучуларды сабакка кызыктыруу үчүн. Саламдашуу ыры көнүгүү да болуп кетет. Окуучулардын сабакка келбегенин дагы ырдап жатып аныктап алабыз.
- Сабактан сырткары балдарга кошумча сабак өтөсүзбү?
- Кошумча сабак катары ыр-бий ийрими (кружок) бар. Ал жакта "Арууке" бийчилер тобу тарбияланып, ыр-бий боюнча кошумча сабак алышат. Мектепте өткөн иш-чараларга катышат. Учурда 18 окуучу тарбияланып келүүдө. Мындан тышкары Баткен шаарында өткөн кароо-сынактарга дагы барып катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келишет.
- Окуучуларыңызга дагы баянды тартууну үйрөтөсүзбү?
- Жок, баян тартуу кыйын да. Өзүнчө музыкалык мектептерде үйрөтпөсө, бизде ийримде үйрөтүү татаал.
- Баяндан башка кайсы аспаптарда ойной аласыз?
- Башка аспаптарды үйрөнгөн жокмун. Тек гана баян тартып келем.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып өтсөңүз. Балдарыңыздын арасында музыкага кызыккандар, аспаптарда ойногондор барбы?
- 3 уул, бир кызым, эки келиним жана 4 неберем бар. Эң улуу балдарым эгиз. Балдарымдын ичинен кызым комуз чертет. Бирок музыка жаатында эмес, башка тармакта эмгектенип жүрөт.
- Эмнелер тууралуу кыялданасыз?
- Биздин мектеп 1978-жылдары курулган. Кийин окуучулардын саны көбөйүп кеткендиктен, 1990-жылдары дагы кошумча класстар ашар жолу менен салынган. Мектеп эскирип калды, класстар дагы кичинекей. Жаңы, чоң мектеп салынса, кенен залда кароо-сынактарды, концерттерди уюштурсак. Учурда концертке кийиле турган кийимдерди коё турган бөлмө дагы жок. Өзүбүздүн бөлмө болсо, ал жакка керектүү нерселерибизди койсок деген ниетим бар.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматта турганда бизге келип, "мектебиңер кичинекей экен, чоң мектеп куруп беребиз" деп сөз берип кеткен. Кийин кызматтан кетип калды.
- Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Гүласал Эркинова даярдаган 1-класстын окуучулары
кошулду
