Билдирүүдө айтылгандай, балдардын көңүл ачуучу жайлары, соода жана көңүл ачуу борборлорундагы оюн аянтчалары боюнча, комиссия оюн аянтчаларын ачууга тыюу салуу азырынча күчүндө калат.
Вице-мэр шаар боюнча санитардык эрежелерди сактоону күчөтүүнү тапшырды, райондук администрациялардын башчылары мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиологдору менен биргеликте оорунун булактарынын очокторун издөө масштабын көбөйтүшөт.
Өткөн суткада борбор калаада коронавирустук инфекция 144 адамдан аныкталды, ал эми 228 бейтап сакайды. Тилекке каршы, сегиз адам каза болду.
Белгилей кетсек, туруктуу эпидемиологиялык кырдаал түзүлгөн учурда, аталган оюн аянтчаларын ачуу маселеси комиссиянын кийинки отурумунда каралат.