super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Сочи шаарына болгон иш сапары жыйынтыкталды (сүрөт)

 

Президент Садыр Жапаровдун Орусия Федерациясынын Сочи шаарына болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, иш сапардын алкагында Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.

Мамлекет башчылары кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы менен келечектүү багыттарын, акыркы жолугушуунун жыйынтыгы менен жетишилген келишимдердин аткарылышын, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландарын талкуулашты.

Башка маселелер менен катар региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту колдоо маселеси да каралды.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Сочи шаарынын Сириус федералдык аймагында жайгашкан Олимпиада паркына барып, спорттук объектилер менен таанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: