super.kg logo

Өлкө аймагында кыргыз-орус билим берүү уюмдарын куруу маселелери талкууланды

 

Бүгүн, 25-майда видео конференция байланыш режиминде билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин Орусия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маселелер боюнча толук пикир алмашуу жүрдү, атап айтканда Кыргыз өлкөсүнүн аймагында биргелешкен кыргыз-орус билим берүү уюмдарын куруу, республиканын таланттуу жана зээндүү балдары үчүн "Артек" эл аралык балдар борборунда жайкы эс алууну уюштуруу маселелери талкууланды.

Болотбек Купешев жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, узак мөөнөттүү жана эффективдүү иштөө форматындагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө үмүт артып жатканын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык маселелерди сапаттуу жана ыкчам иштеп чыгуу максатында ушул сыяктуу жолугушууну такай өткөрүп турууну макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: