super.kg logo

3 талапкер ат салышууда. Сирияда президенттик шайлоо өтөт

 

Бүгүн, 26-майда Сирияда президенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчылыгына 3 талапкер ат салышууда. Алар: өлкөнүн учурдагы президенти Башар Асад, оппозициячыл саясатчы Махмуд Мараи жана мурдагы парламент депутаты Абдалла Абдалла.

Шайлоо тилкелери жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:00дө (Бишкек убактысы боюнча 10:00.) ачылып, 19:00гө чейин иштейт. Талап кылынган учурда айрым тилкелердин иши 5 саатка узартылышы мүмкүн.

Айрым өлкөлөр Сириядагы президенттик шайлоо эркин жана адилеттүү өтпөй турганын айтышып, ал үчүн керектүү шарттар түзүлбөгөнүн белгилешүүдө. Улуу Британия, АКШ, Франция, Германия жана Италия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрликтери биргелешкен билдирүү жасап, шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырышкан. Ал эми Түркия менен Германия өз аймактарындагы Сирия жарандары үчүн шайлоо өткөрүүгө тыюу салды.

"Мындай кадамдар менен алар Сирияга болгон душмандык мамилеси бар экенин тастыктап жатышат" деп билдирген аталган өлкөнүн расмий бийлиги.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: