super.kg logo

Молдовановкада абактагы эки соттолуучу качууга аракет кылган. Аларга карай ок атылып, бири каза болду

 

Чүйдүн Молдовановка айылында 25-майдан 26-майга караган түнү саат 02:40тар чамасында №27 жазаларды аткаруу кызматында соттолгон 58 жана 22 жаштагы эки жаран тосмо аркылуу качууга аракет кылган. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган департаменттин коргоо кызматындагы жоокери эки жаранды качып бара жатканын аныктап, алгач эскертүү иретинде асманга ок аткан. Кийин качып бараткандарга карай ок чыгарып, бирөө жеринен каза болуп экинчиси кармалды.

"Соттолгон эки жаран өзгөчө оор кылмыш (адам өлтүрүү, өспүрүмдү зордуктоо) үчүн жазаларын өтөп жатышкан. Алар 10 жана 21 жылга эркинен ажыратылган. Учурда милиция кызматкерлери качып кетүү аракети боюнча тергөө ишин баштады. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп жазылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
26.05.2021. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туппа тууру мен болгондо экоону тен олтуро атмакмын
26.05.2021. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башында эле атууга өкүм кылыш керек болчу. Кийин проблема кылбай. Жакшы болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: