Журналист, блогер Эрулан Көкүлов олуттуу оору менен ооруп жатканын билдирди
Журналист, блогер Эрулан Көкүлов олуттуу оору менен күрөшүп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине интервью берип жатып айткан.
"Акыркы убактарда мен өзүмө, туугандарыма, жакындарыма аябай көп убакыт бөлүп жатам. Себеби мен өзүмдүн ден соолугумда олуттуу көйгөй бар деп ойлойм. Бул өтө эле олуттуу оору экенин сезем. Андыктан мага жакын арада жеткиликтүү медициналык жардам керек", - деген Көкүлов.
SUPER.KG порталы Эрулан Көкүловго байланышканыбызда маалыматты тастыктап төмөнкүлөрдү билдирди:
"Азыркы учурда анализдерди күтүп жатам, анализдер жыйынтыгы Германиядан келиш керек. Жыйынтыгы келер менен бир жуманын ичинде дартым тууралуу өзүм маалымат берем", - деди ал.
Белгилей кетсек, Эрулан Көкүлов коомчулукка "Не сахар" долбоору менен белгилүү.


Неге куураткан какбаштар ооруп коюшпайт???