super.kg logo
  Саясат  

Ала-Бука: Өзбекстан 1939-жылы суу сактагыч үчүн жер алып, компенсация же ижара акы төлөгөн эмес

 

Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын тургуну, 84 жаштагы карыя Көчкөнбай  Абдылдабеков Өзбекстан суу сактагыч куруу үчүн  1939-жылы 1000 гектар жер алганын, ушул күнгө чейин эч кандай ижара акысын төлөбөй эле Кыргызстандын аймагынан орун алып келаткандыгын 23-октябрда вице-премьер-министр Токон Мамытовго билдирди. «СССР кезинде Касан-Сай суу сактагычын куруу үчүн бир айылдын элин башка жерге которуп, анын ордуна Өзбекстан 1000 гектар жер бермек болгон. Өзбекстан жер да берген эмес, суу сактагычты кургандыгы үчүн аренда да төлөгөн эмес»,- деди карыя. Бул маалыматты Ала-Бука районунун акими Кулуев Алымкул да ырастады. Өрүктү айылынын айыл башчысы  Адылдабеков Шамырбек учурда айылда 1000 түтүн жер тилке үчүн кезекте турганын кошумчалады. Өз кезегинде Токон Мамытов бул көйгөйдү парламентке, өкмөткө жеткирүүнү  убада кылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: