super.kg logo

"Жер-Үйдөн" бюджетке бир айда 140 миллион сомдон ашык каражат түштү

 

Таластагы "Жер-Үй" алтын кенинде өндүрүш башталгандан кийинки биринчи айда бюджетке төлөмдөрдүн негизги үч түрү боюнча 140 миллион сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу кенди иштеткен “Альянс алтын” компаниясынын сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, апрель айында "Альянс Алтын" компаниясы киреше салыгы үчүн төлөмдөрдү жүзөгө ашырды, роялти төлөдү жана инфраструктураны өнүктүрүүгө каражат которду. Жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө төлөнгөн акча комбинат тапкан кирешенин 2 пайызын түзөт. Аны үч фонддун ортосунда бөлүштүрөт. 50 пайызы облусту, 30 пайызы районду өнүктүрүү фондуна кетет. Калган 20 пайызы кен чыккан жердеги жергиликтүү бюджетке чегерилет.

"Жер-Үй" көлөмү боюнча өлкөдө Кумтөрдөн кийинки 2-орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар. Жалпысынан Жер-Үй кенин иштетүүдөн мамлекеттик бюджетке (республикалык + жергиликтүү) жыл сайын 4 миллиард сомго чейин салык жана башка чегерүүлөр түшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: