super.kg logo

Этти күйгүзүп албоо үчүн эмне кылыш керек? Шишкебек жасоодогу кеңештер

 

Учурда бардыгыбыз дем алыш күндөрү шаардын ызы-чуусунан качып, даамдуу, жыты аңкыган шишкебек жасоо үчүн үй-бүлөбүз менен бирге тоолорду көздөй камынабыз. Шишкебек жасоонун кээ бир сырларын SUPER.KG порталына шишкебекчи Нурдин Байгазиев айтып берди.

*Жакшы шишкебек эң биринчи эле эт тандоодон башталат. Базардан жаш малдын этин алуу керек. Майынан, чарындарынан ажыратып, жумшак жерлерин тандап кесип алуу зарыл. Ага өзүңүздүн табитиңизге жараша татымалдарды кошуп эки-үч саатка маринад кыласыз. Тоого баруучулар жол жүрүп баратканда эт аябай жумшарып кетпеш үчүн лимонго окшогон жумшартуучу азыктарды азыраак салышы керек.

*Бышыруу процессинде от күчөп жалындап кетип жатса чоңураак, кесек туз алып сээп койсо жалын чыгарбайт. Кээ бирөө суу чачыратып коюшат, ал туура эмес. Шишкебектин бышуусу жайлап калат.

*Бышырып жатып аябай карартып күйгүзүп салып жатсаңыз шишкебекти суу май менен майлап койсо өтө карартпай бышуусун жайлатат.

*Көбүнчө эт 2-3 саат маринаддалат. Максимум - бир күн, болбосо шишкебек даамын жоготот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.05.2021. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Телефонду азырак чыкыса куйбойт
27.05.2021. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суу чачканда наборот бат бышырат эмесби? оттуда очурот + этке суу кирип ошо быжылдап кайнап бууланып бат анан сочный болуп бышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: