super.kg logo

Улукбек Марипов: "Биздин негизги милдеттерибиздин бири - калкты жеткиликтүү баалар боюнча дары-дармектер менен камсыздоо"

 

"Биздин негизги милдеттерибиздин бири – калкты жеткиликтүү баалар боюнча дары-дармектер менен камсыздоо" деп министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кошумча нарк салыгынан бошотулган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизимин талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Салыктык жеңилдиктердин айынан республикалык бюджет жыл сайын 25 миллиард сомго чейин жоготууда. Дары-дармек каражаттарына белгилүү жеңилдиктер болушу керек. Негизги товарлар Орусиядан келет, бирок андагы жана бул жердеги бааларды салыштыра келгенде чоң айырмачылыктар орун алган. Жеткирүүчүлөр жана дарыкана тармагы акча табышат, ал эми карапайым калк кыйналууда. Эгерде кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу баалардын төмөндөшүнө таасир эте албаса, жеңилдиктерди берүү режимин пайдалануунун кажети барбы", - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы кошумча нарк салыгынан бошотулган дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдардын жаңы тизимин аныктоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Кошумча нарк салыгынан бошотулган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизими 2013-жылы бекитилген. Бүгүнкү күндө аталган тизимде 161 аталыш көрсөтүлгөн. Тизмеде жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизимине кирбеген дармектер бар. Тизмеде жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерди гана калтырып, калгандары үчүн кошумча нарк салыгын киргизүүнү сунуштайм. Кеңешмелерде талкуу жүрүп жатканы менен жаңы тизимди аныктай албай келебиз. Эгерде кийинки кеңешмеге себептери негизделген жаңы тизме даяр болбосо, анда көптөгөн жетекчилер менен коштошууга аргасыз болобуз. Антпесе бул узакка созулуп, дары-дармекти жеткиликтүү баада сатып ала албаган катардагы жарандар жапа чегип калат", - деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: