super.kg logo

Улукбек Марипов "Смарт Бажы" жаңы санариптик платформасын түзүү үстүндө иштер ыкчам башталышы керектигин колдоого алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Смарт Бажы" санариптик платформасынын долбоору менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров белгилегендей, бирдиктүү санариптик платформа тышкы экономикалык ишмердүүлүк субъектилери үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле бажыны жөнгө салуу сапатын жакшыртып, анын ичинде өлкө экономикасына инвестицияларды жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле 2021-2022-жылдарга "Смарт Бажы" долбоорун ишке ашыруу боюнча жол картасы сунушталды.

Аталган платформаны түзүү үстүндө ата мекендик экспертизаны өнүктүрүү максатында жергиликтүү IT-компаниялар иш алып бара тургандыгына басым жасалды.

Өз кезегинде Улукбек Марипов "Смарт Бажы" жаңы санариптик платформасын түзүү үстүндө иштер ыкчам башталышы керектигин колдоого алды, ошондой эле ишке киргизүү процессин өзгөчө көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.

"Бардык тобокелдиктерди максималдуу түрдө иштеп чыгуу зарыл. Маанилүү кемчиликтер процесс ишке берилгенден кийин эмес, иштеп чыгуунун жүрүшүндө аныкталышы керек", - деп жыйынтыктады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: