super.kg logo

Бишкекте эми коомдук транспортто QR кодун колдонуп, жол кире төлөөгө болот

 

"Тулпар" QR кодун колдонуп, муниципалдык коомдук транспортто жол кире акысын төлөөнүн пилоттук долбоорун баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, функция жеткиликтүү болушу үчүн Tulpar мобилдик тиркемесин жаңылоо зарыл

Жол кире акысын төлөө үчүн телефонуңузга Tulpar тиркемесин ишке киргизип, төмөнкү оң бурчтагы плюс белгисин басып, QR кодун сканерлеп же түздөн-түз кире бериштеги салондо турган транспорттук кодду теришиңиз керек.

QR кодун колдонуу №2, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 14, 17 троллейбустун бардык каттамдарында жана
№38 автобус каттамында колдонсо болот. Жакында транспорттун калган бөлүгүнө QR коддору орнотулат.

Эскертүү! Төлөнгөн жол кире акысы тастыктамасын "Саякат тарыхы" бөлүмүнөн байкоого болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: