super.kg logo

"Баасы 800 миллион сом". Бишкекте дипломатиялык шаарчаны куруу үчүн берилген жер тилкесине байланышкан махинациялык аракеттер аныкталды

 

Бишкекте дипломатиялык шаарчаны куруу үчүн берилген жер тилкесине байланышкан махинациялык аракеттер аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Ленин райондук прокуратурасы тарабынан борбор калаанын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан, жалпы аянты 3,80 гектар болгон жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды даярдоодо жана берүүдө коррупциялык схема аныкталды.

"Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында 1997-жылдын 8-декабрында Тышкы иштер министрлигинин кийлигишүүсү боюнча Бишкек шаардык мэриясынын токтому менен "Б.К.Р." жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, ошол учурда чет өлкөнүн Кыргыз өлкөсүндөгү ардактуу консулу болгон адамга ижара шартында чет мамлекеттин резиденциясын куруу үчүн аянты 6,8 гектар жер берилгендиги такталган.

Бирок Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы жана ушул эле ведомствонун башка кызмат адамдары өздөрүнө пайда табуу максатында жер тилкесине болгон ижара акысын төлөбөй жүргөн жогоруда аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун директору менен кылмыштуу бүтүмгө барышып, 2006-жылдын 1-ноябрында көрсөтүлгөн 6,8 гектар жердин ичинен 3,80 гектар болгон 4 жер тилкесине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды жасалмалашкан. Аталган жер тилкелеринин баасы 800 миллион сомдон жогору турат.

Ошентип чет мамлекеттин резиденциясын курууну негиз кылып алынган жер тилкелерине дипломатиялык шаарчанын долбоору жасалбаганы жана курулуш иштери жүргүзүлбөгөнү белгилүү болду", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 319-беренеси ("Коррупция") менен катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: