super.kg logo

"Ош базарда" жүргүзүлгөн рейдде жарандардын 300дөн ашык документи табылды

 
"Ош базарынын" аймагында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө радио түйүндөрдүн пункттарында Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын 300дөн ашык документи табылды. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Борбор калаанын Ленин районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери документтерди Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмүнө өткөрүп беришкен.
Табылган документтердин тизмеси:
eID-паспорт - 85 даана;
Жалпы жарандык паспорту - 7 даана;
AN паспорту - 177 даана;
Айдоочулук күбөлүк - 27 даана;
Аскердик билет (таандык) - 2 даана;
Эмгек китепчеси - 1 даана;
Нике тууралуу күбөлүк - 5 даана;
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк - 4 даана;
ТК каттоо жөнүндө күбөлүк - 5 даана;
Студенттик карта - 3 даана;
Өтүү билети - 3 даана.
Мамлекеттик каттоо кызматы жоголгон документтерди тапкан жарандарды МККнын бардык аймактык бөлүмдөрүнө, анын ичинде "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бардык филиалдарына өткөрүп берүүгө чакырат.
Эгерде суроолоруңуз болсо, МККнын 119 чалуу борборуна кайрыла аласыз. Ошондой эле МККнын электрондук кызматтар порталынын маалымат базасынан жоголгон документтерди издөө жана текшерүү үчүн колдонсоңуз болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
27.05.2021. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карманщиктерди тазаласанар эле паспорт жоголбойт болчу.
27.05.2021. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mister-XXX,Ошол карманшиктер милиция менен чогуу иштешет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: