Ысык-Көлдө тынчтыкты жана адамзатты сактоо максатында иш-чара өтөт. Ага Садыр Жапаров катышары айтылды
Ысык-Көлдө тынчтыкты жана адамзатын сактоо максатында бата берүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу кечээ, 27-майда уюштуруучулар пресс-конференцияда айтты.
Уюштуруучулар "Кыргыз Ак-Бата ордосу" аталышында уюм түзүлгөнүн жарыялашты.
"Ааламдык Ак-Бата" эл аралык руханий форумун 21-23-июнь күндөрү өткөрүү пландалууда. Форум Суусамыр жайлоосунда башталып, ал жакта руханий бөлүгү каралып, илимий нуктагысы Ысык-Көлдүн жээгинде болот. Форумдун алкагында “Руханият бардыгын бириктирет” деген ураан алдында конференция өтөт. Форумдун жыйынтыгында эки документ - дүйнө элдерине кайрылуу жана тынчтыктын, биримдиктин манифести кабыл алынат.
Ысык-Көлдөгү форумга Садыр Жапаров өзү катышып анын дүйнө элине жана ошол форумдун катышуучуларына кайрылуусу күтүлөт.
Форумду азыркы учурда оор абалда турган планетанын жана жалпы адамзаттын тагдырына тынчсызданган жарандар өткөрүп жатышат. Биз менен кошо катышып Маевка айылында жашап жаткан япон улутундагы монах агабыз бар. Ал бизге уюштуруу иштерине жардам берип жатат жана сентябрь айында Ысык-Көлдөн баштап жакынкы чыгыш боюнча дүйнөлүк тынчтык маршын уюштуралы деп сунуш берип жатат", - деди уюштуруучулар.

