"Ак-Тилек" өткөрмө пунктунда оор жүк ташуучу 80 унаа кезек күтүүдө
Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу 80 унаа кезек күтүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-май күнү саат 10:30га карата “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу 80 унаа кезекте турат.
"Мындай кезектин пайда болушу бул сезондук фактор, анткени жүк ташуучулардын саны өсөт. Бул көрүнүш убактылуу жакын арада чечилет. Негизинен тез бузулуучу товарлар Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга жана андан ары КМШ өлкөлөрүнө, ошондой эле Европага жөнөтүлөт. Алар көбүнчө жашылча-жемиштер сыяктуу азык-түлүктөр.
Чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө Казакстан жана эпидемиологиялык абалы туруктуу дагы 33 мамлекеттин жарандары, ошондой эле жүк ташуучулар үчүн кыргыз тарапта эч кандай чектөө жок. Кыргыз-казак чек ара тилкесинен башка өткөрүү пункттарында унаалардын тыгыны катталган жок", - деп билдиришти чек ара кызматынын басма сөз кызматынан.
Чек ара кызматынан учурда абал туруктуу экендигин кошумчалашты.

