super.kg logo
  Саясат  

“Өкмөт башчы иштей албаса, эмне үчүн аны биз дайындадык эле деп башынан сылашыбыз керек”,- деди Эркин Алымбеков

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйын берген депутат Эркин Алымбеков айрым кесиптештеринин сындарына жооп берди. Анын айтымында, иштей албаган өкмөттү отставкага кетириш керек. “Айрым депутаттар айтып жатат “азыркы өкмөттү көпчүлүк коалиция түзгөн, эми кайра аны отставкага кетирүүгө аракет кылып жатат” дешип. “Кумтөр” боюнча татыктуу иштей албаган өкмөттү биз башынан сылап, кемчилигине көз жумуп коймок белек”,- деди депутат. Алымбековдун айтымында, өкмөт башчыны “Кумтөр” маселеси боюнча отставкага кетирүүгө болот. 

Депутаттын пикиринде, Батукаевдин иши боюнча өкмөт башчы кол алдындагыларды иштетип, жыйынтык чыгыра албаса, өзү керт башы менен жооп бериши керек. “Азыр Сатыбалдиев эч нерсе билбеген киши болуп унчукпай отурат”,- деди эл өкүлү.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: