super.kg logo

Бишкекте "Наристе манасчы" аталышындагы сынак жарыяланды

 

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкек шаардык мэриясы "Наристе манасчы" сынагын жарыялайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка Бишкек шаарынын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарындагы 3 жаштан 11 жашка чейинки (1-4-класс) балдар катыша алышат.

Иш-чаранын катышуучуларына "Манас" эпосунан үзүндү айтуу, көркөм аткаруу чеберчилигине баа берилет. Сынактын шарттары боюнча райондук сынактардан 1, 2, 3-орунга ээ болгон жеңүүчүлөр шаардык сынакка катыша алышат.

"Эң мыкты" деп табылган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 3 наристе манасчы (1, 2, 3-орундар), жалпы билим берүү уюмдарынан 3 наристе манасчы (1, 2, 3-орундар 1-4-класстардан), жалпы шаар боюнча 24 наристе манасчы шаардык сынакка катышат.

Сынакка катыша тургандардын аты, фамилиясы, жашы, окуган классы, мектеби, району, айта турган үзүндүнүн темасы жазылган табыштамаларды, катышуучулардын "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү айткан видеороликтери менен (диск же электрондук алып жүрүүчүдө) кошо Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө 2021-жылдын 28-майы саат 13.00гө чейин тапшыруу керек.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын "Манас" эпосу жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруу, "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо жана борбор шаардагы жаш балдар арасында жайылтуу, эпос аркылуу балдарды идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий мүнөздөгү иш-чараларга тартуу максатында өткөрүлүүдө.

Кошумча маалымат үчүн байланыш телефондору: (0312) 514417 (факс); 514430.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: