super.kg logo
  Спорт  

Белгилүү суучул Денис Петрашов "Маре Нострум" мелдешинин этаптарына катышат

 

XXXII жайкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүү максатында сууда сүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов лицензиялык "Маре Нострум" эл аралык мелдешинин этаптарына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мелдеш 29-30-май күндөрү Монте-Карлодо (Монако), 1-2-июнь күндөрү Каннетте (Франция) жана 5-6-июнь күндөрү Барселона шаарында (Испания) өтөт.

Спортчуну башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп барат.

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу 27-майдан 7-июнга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: