super.kg logo

Республика боюнча 1064 китепкана бар. Бишкекте Китепкана күнү белгиленди

 
Бүгүн, 27-майда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканасында министрлер кабинетинин орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин катышуусунда Китепкана күнү белгиленди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара онлайн форматта өтүп, республикалык, облустук жана райондук китепкана жетекчилери да катышты.
Кайрат Иманалиев жалпы китепкана системасында эмгектенген кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, министрликтин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлады.
"Китепкана ар бир окурмандын жан дүйнөсүнө, эс-тутумуна жана дүйнө таанымына салым кошо турган өзгөчө тармак. Учурда республика боюнча 1064 китепкана бар. Ар бир китепкана заман талабына ылайыкташып иштеп, чоң маалыматтык борборго айланууда.
Санариптешүү доорунда китепкана системасы башка тармактар менен бирге өз вазыйпасын жогорку деңгээлде аткарып келет. Биздин изги тилегибиз, өсүп келе жаткан муундун китепке болгон сүйүүсү, табити жана талабы жогорулап, ар бир китепкананын окуу залдарынан окурмандар үзүлбөй турса экен деп тилейбиз. Ал эми китепканачылар аларды тейлөөдө бардык маалыматтык ресурстарды колдонуу аркылуу артыкчылык көргөзөт деген ишенимдебиз.
Жалпы китепкана системасында жасала турган комплекстүү иш-чаралар арбын. Алар имарат маселеси, китеп фондусу, заманбап тейлөө жана китепканачылардын кесиптик билимин жогорулатуучу жана тажрыйба алмашуучу республикалык жана эл аралык деңгээлде форумдарды, тегерек столдорду жана жыйындарды өткөрүү турат. Ушул жылдын июль айынан тартып маданият тармагынын айлыгы көтөрүлөт. Алардын арасында китепкана системасы дагы бар. Андыктан ар бириңиздерге бекем ден соолук жана ишиңиздерге ийгилик каалайм", - деди министр.
Эске салсак, Китепкана күнү өкмөттүн 2008-жылдын 17-июнундагы токтому менен китепканаларды өнүктүрүү максатында кабыл алынган. Учурда республикалык маанидеги 2, 11 облустук, 39 райондук, 86 шаардык, 35 балдар китепканасы, 8 облустук китепканалардын филиалдары жана 883 айылдык китепкана бар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: