Качан токтойт? "Ош базарындагы" баш аламан соода-сатык иштери улантылууда
"Ош базарынын" ичиндеги мыйзамсыз соода-сатык иштерин тартипке келтирүү иштери көптөн бери уланып келүүдө. Бирок маселе чечиле элек. Соодагерлердин орундуктары, чатырлары айып короого киргизилет, айып пул төлөнгөн соң кайра берилет. Соодагерлер кайра мыйзамсыз соода-сатыгын улантат. Бул айлангөчөк качан токтойт?
Мисалы, бир нече күндөн бери Ленин районунун администрациясы тарабынан рейддер жүргүзүлүп келген, бирок соодагерлер мыйзамсыз соода-сатыгын ийгиликтүү өткөзүп жаткандыгын бүгүн тартылган сүрөттөрдөн көрүүгө болот.
Бул маселе качан чечилет деген суроо менен Ленин райондук администрациясына байланышканыбызда, алар айып пулдар жөнүндө гана маалымат беришти.
"Кодекстин 120-беренесине ылайык, мыйзам бузуучуга карата протокол түзүлөт, анын бир көчүрмөсү алардын колуна берилет. Протокол төлөнгөндөн кийин, аларга кол чатыры кайра берилет. Ал эми төлөбөгөндөрдүкү айып пул төлөөчү жайда калтырылат. Бирок көпчүлүгү кол чатырына сейрек келишет, анткени айып пул 3000 сомду түзөт, ал эми кол чатыр эки миң сомго жакын турат. Ал эми орундуктар үчүн юридикалык тараптар үчүн 13 миң сом, жеке адамдар үчүн 3000 сом", - деп билдиришти администрациянын басма сөз кызматынан.
Ал эми базардагы соодагерлердин бири бүгүн айып короодогу орундуктар менен чатырлар ээлерине бекер таратылгандыгын айтты.
Эскерте кетсек, соодагерлерге мыйзамдуу түрдө иш алып барууга аталган базардын эки-үч жеринен орундар сунушталган, бирок алар ал жерлерде соодабыз жүрбөй калат деп баш тартышкан.



1 |