super.kg logo

Садыр Жапаров Баткен облусуна жакын арада өзгөчө макам берилерин айтты

 

Бүгүн, 27-майда президент Садыр Жапаров Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жабыркаган жарандарды убактылуу кабыл алуу пунктуна барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы жабыркаган тургундардын жашоо шартын көрүп, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Садыр Жапаров учурда айыл аймактарында үйлөрдү куруу иштери жүрүп жатканын, жакында алар жаңы, заманбап үйлөргө көчүрүлөрүн белгиледи.

Баарлашуу учурунда убактылуу кабыл алуу пунктунда турган чек ара аймагынын жашоочулары айылдарга зарыл болгон инфраструктураны — бала бакча, спорт аянтчасы, маданий борбор, төрөт үйү, мектеп жана башка социалдык объектилерди куруп берүүнү өтүнүштү.

Андан соң президент Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугушуп, мамлекет тарабынан бардык муктаж болгондорго ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүнө ишендирип кетти.

Ошондой эле Садыр Жапаров Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча пландалып жаткан иш-чараларга токтолуп, жакын арада облуска өзгөчө макам берилерин айтты.

"Кыргыз өлкөсүнүн чеги Баткенден башталат. Салыктык жеңилдиктерди берүү менен облуска инвесторлорду тартабыз. Жаштарыбыздын чет өлкөлөргө чыгып кетпей, өз өлкөсүндө калып иштөөсү үчүн бардык зарыл нерселер жасалат. Биздин милдет - Кыргыз жаранын өз жеринде коопсуз жашоо менен камсыз кылуу жана тынч иштөөсү үчүн шарттарды түзүү", - деп баса белгиледи президент.

Ошондой эле жолугушууда мамлекет башчысы пландаштырылган иш-чараларды жүзөгө ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанилүү ролун белгиледи, анткени алардын ыйгарым укуктары, тактап айтканда район акимдеринин ыйгарым укуктары күчөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
28.05.2021. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тез арада куралдуу күчтөрдү жылдырыш керек Баткен тарапка. Тажиктерге ишенич жок. Чоң Алайда тентип жүргөн тажиктер разведкада жүрөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: