super.kg logo

Санкт-Петербург шаарында Төлөмүш Океевдин бюстунун ачылыш аземи болуп өттү

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Төлөмүш Океевдин бюстунун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, иш-чарага Кыргыз өлкөсүнүн Орусия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат, режиссёрдун туугандары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз кинематография департаментинин өкүлдөрү катышты.

"Элчи Гүлнара-Клара Самат билим берүү мекемесинин жетекчилигине, Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгесин колдоп, ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Элчи өз сөзүндө кыргыз киносунун өнүгүшү жана калыптанышы кыргыз киносун эл аралык деңгээлге көтөргөн, өлкөбүздө кино индустриясынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон Төлөмүш Океевдин ысымы менен ажырагыс байланышта экендигин айтып өттү.

Ошондой эле кыргыз кинематографиясынын чыгармаларынын тарыхый жана маданий баалуулугун сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 1955-жылы тартылган "Салтанат" аттуу алгачкы кыргыз көркөм тасмасынын жаңыртып жазылган түрүн Орусиянын "Госфильмофондунан" алуу боюнча элчилик тарабынан иштелип жаткан иштер өзгөчө белгиленди. Фильм Маданият министрлигинин кинематография департаментине берилди", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: