"Сиздер бар өлкөнүн эли өз үйлөрүндө тынч уктай алышат". Камчыбек Ташиев чек арачыларды майрамы менен куттуктады
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чек ара кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу комитеттен билдиришти.
"Урматтуу чек ара кызматкерлери жана УКМКнын Чек ара кызматынын ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Чек ара күнү менен куттуктайм! Мамлекеттик чек араны кайтаруу - бул өтө жооптуу жана биздин мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуунун, терроризмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, аткезчиликке жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүү, укук коргоо органдарынын ишин координациялоону талап кылат.
Ал эми биздин мекендештерибиздин коопсуздугу сиздердин милдетиңиздерди так аткарууга болгон абийирдүүлүгүңүздөрдөн көз каранды. Акыркы окуялардагы чек ара кызматкерлери жана Чек ара кызматынын атайын бөлүгүнүн жоокерлери өлкөнүн түштүгүндөгү чек ара аймагындагы чыр-чатак учурундагы сыноодон сапаттуу өтүшү сиздердин эрдигиңиздин бир катары айтсак болот.
Сиздердин иш-аракеттериңиздин аркасында биздин өлкөнүн эли өз үйлөрүндө тынч уктай алышат. Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана Кыргыз Республикасы үчүн жанын берген кызматкерлердин элесине башыбызды ийип таазим кылабыз. Сиздерге чың ден соолук, ийгилик жана кызматта жетишкендиктерди каалайм", - деп жазылат куттуктоодо.

