super.kg logo

Чек арада жабыркагандар үчүн мигранттар 18 миллион сомдон ашуун каражат топтошту. Ал кандай таратылат?

 

Баткен облусундагы чек арада тажик тараптын кол салуусунан улам жабыркаган Баткен, Лейлек райондорунун тургундарына мигранттар 18 миллион сомдон ашуун каражат топтошту. Бул тууралуу “Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Орусия, Украина, Малайзия, Европа өлкөлөрүндө, Америка Кошмо Штаттарында эмгектенип жүргөн жана Кыргыз өлкөсүндө жүргөн мекендештерибиз 18 миллион 725 миң сом каражат чогултушкан.

"Каражатты төмөндөгү категорияларга бөлүп таратышууда: каза болгон жарандардын жакындарына, анын ичинен 19 турмуш-шарты оор жана балдары көптөргө 165 миң сомдон, калган 17 жарандын жакындарына 125 миң сомдон, жаракат алган 170 жаранга анын ичинен өтө оор абалда 37 жаранга 100 миң сомдон, орто абалда 51 жаранга 66 миң сомдон, жеңил абалда 82 жаранга 17 миң сомдон, турак-үйлөрү күйгөн 138 жаранга 35 миң сомдон, 3 жаранга 25 миң сомдон берилди. Бул суммалар комиссиянын чечими менен бөлүнүп берилүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: