Ош шаардык мэриясы чек ара кызматкерлеринин балдары үчүн аянтча куруп берет
















Бүгүн, 28-майда Чек ара кызматынын Ош шаарындагы аскер бөлүгүндө чек арачылардын күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, чек ара кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери, Орусиянын чек ара кызматынын өкүлдөрү катышты. Мэр чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктап, бир катар кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
"Мамлекет тарабынан чек ара кызматын материалдык-техникалык жактан жабдууну жакшыртуу, социалдык жактан коргоо, өзгөчө сиздердин үй-бүлөңүздөрдүн жашоосун камсыз кылуу боюнча кийинки жылдары көп иштер жасалууда.
Сиздер үчүн быйылкы жылы сметалык баасы 700 миң сомдук балдар аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилет. Бул аракеттер мындан ары да улантылат. Анткени үй-бүлө - чек арачы үчүн ишенимдүү тыл. Майрам күнү биздин ардагерлерибизге өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.
Өзгөчө алкышты бүгүнкү күндө да Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасында кызмат кылып жаткан жалпы чек арачыларды, атайын багыттагы “Бөрү” отрядына айткым келет. Биздин эр азаматтар өз элин, анын чек арасын ыйык сактаганга дайым даяр экендигине ишенебиз", - деди Сарыбашов.
Майрамдык иш-чаранын негизинде, УКМКнын чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгында "Кызыл армиянын" чек арачысынын эстелигине гүл коюлуп, чек арачылардын жүрүшү менен жыйынтыкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
9:48
2025-07-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.