Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Кыргыз өлкөсүнө келди



Бүгүн, 28-майда коңшу Казакстандын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
"Эки күндүк иш сапардын алкагында Казакстандын тышкы иштер министринин президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуулар, ошондой эле Ата-Бейит мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу жана башка маданий иш-чаралар пландаштырылууда", - деп жазылат билдирүүдө.
Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, регионалдык коопсуздук жана чек ара кызматташтыгында, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан көп тараптуу өз ара аракеттенүүдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын жүк ташуучуларынын тоскоолдуксуз өтүүсүн ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

