super.kg logo

Мигранттын баласынын өлүмү. Апасы Орусиядан келе элек

 

Жети-Өгүз районунда ур-токмоктон каза болгон 3 жашар баланын апасы Орусиядан келе элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Баланын өлүмүнө шектүү аял Чүй облусунан болот. Ал Кызыл-Сууга келип, бул жактан турмушка чыгып, жарандык никеде жашап жатыптыр. Кудачасынын 3 жашар баласын дагы өзү менен кошо ала келген экен", - деп билдирди облустук милициядан.

Окуянын чоо-жайы:

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында 3 жашар бала ур-токмоктон улам каза болгону маалым болгон.

15-май күнү болжол менен саат 12:32 чамасында аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө Кызыл-Суу айылынын тургундары ооруканага эс-учун жоготкон, денесинде көк ала тактары бар 3 жашар эркек баланы алып келген. Наристе жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көп узабай чарчап калган.

Маалым болгондой, 33 жаштагы М.Г. аттуу аялга кудачасы 3 жашар баласын таштап, өзү Орусияга иштегени кеткен. Баланы карап жүргөн аялдын айтымында, ошол күнү наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулап түшкөн. Ал эми денесиндеги көк ала тактар аны бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болгонун көрсөткөн.

SUPER.KG порталы аталган айылдын социалдык кызматкерлерине байланышканда, 3 жашар бала дагы аны баккан үй-бүлө дагы эч бир жерде каттоодо турбаганын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.05.2021. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соц.опека каякты карап жатат,эмне менен алек?Кыргызстан миграциянын туу чокусуна жетип кун алыс турдуу зомбулука жашы жете элек балдар дуушар болуп жатат.А бирок дагы деле мигранттардын балдарына болгон контроль жок.Жада калса чон энесинен да запкы чеккендер болдуго.Балдарды коргогон киши жок,жалан гана саясатты суйлогон кедей калкка айланды Кыргызстан.Мындай кетиште келечек муундун психологиясы бузулат да ,зоокур,мээримсиз балдардын саны кобойот. Аттин бобогум,козуно жашын толуп мунайып
mira28 түзөттү 2021-05-28 16:33:48
28.05.2021. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
mira28,эненди санааркап кутуп соолуганын аз келгенсин,олгонундо да куттуруп жатыптыр да акмак эне.Бул эмне деген кордук болду.Энесине мин наалат,куноонун баары баладанда акчаны алдын коргон энеде.Кылмыш ишин энесине да козгош керек.Балада никесиз торолгонго атасынан кабар жоктугуна караганда.Бул дуйнонун азабын жаштайындан тартыпсын бобок,андан коро бейиштин периштеси болгонуну кудайым артык коргонго.Жаткан жери жайлуу болсун.Энесин тутсам жулмалап салат элем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: