super.kg logo

Улукбек Марипов Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуу көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны алкагында болуп өттү. Анда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулады.

"Эки өлкө элинин тыгыз байланышы Кыргыз Республикасы жана Азербайжан Республикасы ортосундагы ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыкты жайгарууга өбөлгө түзөт деп ишенем", - деди Улукбек Марипов.

Өз кезегинде Али Хидаят оглы Асадов Улукбек Мариповду министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнү жалпы тарых, маданият, тили жана салт-санаасы бириктирип турат деп билдирди. Ошондой эле ал азербайжан тарап Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндөгү Кыргыз өлкөсү-Азербайжан достук паркынын жана Гейдар Алиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин курулушунун тез арада жыйынтыкталышына кызыкдар экендигин жана бул боюнча тийиштүү келишим долбоору жөнөтүлгөндүгүн белгиледи.

Премьер-министр Асадов Улукбек Мариповду Азербайжанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешмесин өткөрүү тууралуу макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: