super.kg logo

Степное айылындагы үрөй учурган жол кырсыгы. Ооруканада 1 адам каза болду

 

Чүй облусунун Степное айылындагы үрөй учурган жол кырсыктан 1 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал ооруканадан көз жумган. Болжол менен 45-50 жаштагы аял. Ошондой эле жабыркаган адамдардын саны 6га жеткенин кошумчалашты.

Буга чейин Чүй облусунун Степное айылында үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Анда жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен оор жүк ташуучу унаа оодарылып кеткен.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Toyota Ipsum үлгүсүндөгү жеңил унаа алдыда бара жаткан комбайндан ашып өтүүгө аракет кылган, ошол учурда маңдайындагы каршы тилкеде келе жаткан жүк ташуучу унаа менен сүзүшө кеткен. Натыйжада 3 автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Көп өтпөй аталган жол кырсыктан 5 адам жабыркап, жеринде каза болгондор жок экендиги кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: