Чоң-Алай районунда кармалган Тажикстандын жарандары Бишкектен Дүйшөмбү шаарына бара жатышканы белгилүү болду
Ош облусунун Чоң-Алай районунда Тажикстандын үч жараны кармалды. Маалыматты "Карамык" чек ара заставасынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Тажикстандын үч жараны Бишкектен Дүйшөмбү шаарына бара жатышкан.
"Кармалган үч жаран Бишкектен такси менен келип, Чоң-Алайдын Кара-Тейит айылы аркылуу Тажикстанга өтүүгө аракет кылышкан. Алар жергиликтүү тургундар тарабынан кармалышкан жана жанында аты-жөнүн тастыктаган документтери жок болгон. Өздөрүнүн айтымында Бишкекте иштеп жүрүшкөн. Башка эч нерсе айтышкан жок. Азыр бизде кармалып турат", - деди "Карамык" заставасынын кызматкери.
Буга чейин "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнүн Кара-Тейит айылынын тургуну кайрылып, Тажик жарандары документи жок 6 күндөн бери жүргөндүгүн айткан.










1 |