super.kg logo

Президент Садыр Жапаров Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары менен жолукту

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда Баткен районундагы Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы жергиликтүү эл менен аймакты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, аларды түйшөлткөн суроолорго жооп берди.

"Мамлекет Баткен облусунун тургундарына мындан ары дагы жакындан көңүл бурат, мен күч-аракетимди чек ара коопсуздугун камсыз кылып, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жумшайм. Биз жергиликтүү элдин турмуш-шартын жогорулатууну көздөп жатабыз, мындан тышкары мамлекет чек ара маселелерин чечүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатат. Бул багытта чаралар көрүлдү, мамлекеттер аралык өкмөттүк комиссиялар иштеп жатат", - деп баса белгиледи президент.

Тургундар өз кезегинде Ак-Сай айылы Баткен облусунун жүрөгү болуп эсептелерин белгилешти. Алардын айтымында, чечилбеген социалдык көйгөйлөр арбын, бирок азыркы учурда эң башкысы тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо болуп турат.

Жергиликтүү тургундар биринчи кезектеги маселелер катары социалдык объектилерди куруу, айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, пенсия менен жөлөк пулдарды төлөө, жумуш орундарын түзүү, жерлерди трансформациялоону жана башкаларды белгилешти.

Алардын айтымында, ушул кезге чейин Баткен облусуна өзгөчө статус берүүгө эч ким кам көргөн эмес. Бул жергиликтүү эл үчүн абдан маанилүү. Анткени алар жакшы жашоо издеп эч жакка кеткиси келбейт, өз мекенинде иштеп жашагысы келет, ошондой эле жаштар дагы өз жерлеринде эле калышса дешет. Андыктан жергиликтүү тургундарга салыктык жана башка жеңилдиктер керек.

Мамлекет башчысы жаштардын чет өлкөлөргө иш издеп кетүүсүн алдын алуу үчүн аймактарда шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан иш-чараларга кеңири токтолду. Бул көйгөйдү чечүү үчүн өлкө жетекчилиги Баткен облусуна өзгөчө статус берүүгө ниеттенип жатат.

Президент Садыр Жапаров мындан ары дагы Баткен облусуна социалдык объектилерди куруу жана зарыл болгон инфраструктура жагынан өзгөчө көңүл бурулат деп ишендирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(1)
28.05.2021. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахтан тилеймин Садыр Жапаров Баткен элинин жалпы эле кыргыз элинин муң зарын уккан президент болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: