СУРАМЖЫЛОО: Өлкөдө картошка, сабиздин баасы качан арзандайт?
Азык-түлүк эмне себептен кымбаттады, качан арзандайт, кайсы мекеме көзөмөлдөйт? Бул суроолор көптөн бери жоопсуз. Ун, май, күрүч, эт, кумшекердин баасы көтөрүлүп баштаганда сурамжылоо жүргүзүп себебин издеп көргөнбүз. Анда биз сырттан келген азык-түлүктөргө импорт кылган өлкөдөгү баага көз каранды экенин билгенбиз. Азыркы тапта өзүбүздүн эле өндүрүш сабиз, картошка дагы кымбаттап, баасы асман чапчып баратат.
Биздин сайтка окурман кат жазды. "Буга чейин этти "кымбат" деп картошка эле жеп калсак, эми картошкасы дагы кымбат. Эмне берем балдарыма, ачка отуралыбы?" - деп суроосуна жооп алып берүүнү өтүнгөн.
Алгач окурмандын айтканын тастыктоо үчүн дүң базарга барып бааларын билдик. Чынында эле сабиз жылдагыдан өтө кымбат 50-60-80 сом болгон. Сабиздин баасы эмне себептен кымбат болуп жатат деген суроого сатуучулар мындай деп жооп беришти.
"Баа эч качан бизден көз каранды эмес. Бизге канча сомдон алып келсе үстүнө 2-3 сом кошуп сатабыз. Быйыл сабиз башынан эле өтө кымбат келип жатат. Угушубузча Орусияда быйыл сабиз өспөй бизден алып жаткан экен. Аларга кандай баада берсе, биз дагы ошол баада алып сатканга мажбурбуз. Ал эми картошканын баасы күндөн-күнгө арзандап бара жатат", - дейт сатуучулар.
Бирок баа качан арзандаарын базарда эч ким билбейт. Аны Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына барып сурадык.
Толугу менен видеодон көрүңүз.
Азык-түлүк кымбаттагандан кымбаттап эле баратат

