super.kg logo

Садыр Жапаров Ошто аскер кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды

 

Президент Садыр Жапаров Ош шаарында Коргоо министрлигинин жана Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Садыр Жапаров аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн курулган 216 батир тапшырылып жатканын кошумчалады.

Мындан сырткары өлкө башчысы аталган турак жайдын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүүгө президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 300 миң сомдук сертификатты тапшырды.

"Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсү ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга тийиштүү жооп кайтарууга жөндөмдүү улуттук армияга ээ. Ошол эле учурда Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн деңгээлин жогорулатуу үчүн бир катар маанилүү тапшырмаларды да аткарышыбыз керек.

Мамлекеттин өзгөчө маанилүү жана приоритеттүү милдеттенмелеринин бири — аскер кызматкерлеринин социалдык жактан толук кепилдикте камсыздалышы. Аскер кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселеси эң негизги маселе.

Аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо милдети да ар дайым көңүлүбүздө. Калктуу конуштарга, шаарларга турак жай куруу менен гана чектелбестен, чек арада, алыскы аймактарда кызмат өтөгөн аскерлерибизге турак жай сатып алууга, үй тургузууга шарт түзүү жагын тынбай караштырып жатабыз. Бул маселени чечүү үчүн жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө, аны каржылоонун булактарын табууга, укуктук актыларга дал келтирүүгө тапшырма берилди", - деп белгиледи президент.

Аскер кызматчыларын жаңы үйлүү болушу менен куттуктап жатып, президент бардык батирлер курулуш индустриясынын акыркы жетишкендиктерин эске алып, заманбап технологияларды колдонуу менен курулгандыгын, аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ыңгайлуу жашоосу үчүн бардык талаптар жана стандарттар эске алынгандыгын баса белгиледи. Ошондой эле жаңы батирлүү болгондорго бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалады.

Белгилей кетсек, аскер кызматчыларынын социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында Ош шаарында 9 кабаттуу 3 турак жай курулган.

Турак жайлар бардык ыңгайлуу шарттар менен курулуп, ичи жасалгаланган, ар бир батирде газ плиталар коюлган. Үйлөр Ош шаарынын борбордук жылытуу системасына туташтырылып, жаңы үлгүдөгү лифттер орнотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: