Кайсы аймактарда сабиз жана кызылчанын баасы кымбат? Улуттук статистика комитети мониторинг жүргүздү
Өлкөдө кызылча менен сабиздин чекене баалары бир жыл ичинде дээрлик 2 эсеге жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, өлкөнүн 18 калктуу конушу боюнча Улутстатком тарабынан орточо керектөө бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
2021-жылдын майында кызылчанын чекене баалары республика боюнча орточо 1 килограммы үчүн 60 сом 48 тыйынды түзгөнүн жана 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 28 сом 75 тыйынга же дээрлик 2 эсеге өскөн.
Ал эми 1 килограмм сабиздин баасы тиешелүүлүгүнө жараша 1 килограммы үчүн 40 сом 49 тыйынды түзгөн жана 1,6 пайызга өскөнүн көрсөттү.
Муну менен бирге кызылчанын эң жогорку баасы:
- Токтогул (килограммы үчүн 100 сом);
- Жалал-Абад (килограммы үчүн 71 сом 61 тыйын);
- Бишкек (килограммы үчүн 70 сом 95 тыйын) шаарларында белгиленди.
Ал эми аларга карата минималдуу баалар:
- Кара-Суу (килограммы 30 сом);
- Талас (килограммы 30 сом 94 тыйын);
- Ош (килограммы 31 сом 18 тыйын) шаарларында катталды.
Сабизге карата чекене баалар:
- Бишкек (килограммы 45 сом 10 тыйын);
- Исфана (килограммы 43 сом 87 тыйын);
- Токмок (килограммы 43 сом 18 тыйын) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты.
Ал эми аларга карата минималдуу баалар:
- Кара-Суу (килограммы 25 сом);
- Баткен (килограммы 27 сом 81 тыйын);
- Ош (килограммы 30 сом) шаарларында байкалды.





1 |